Биз социалдык тармакта

Бет кап тагынгыла, текшерүү жүрүп жатат. Бишкекте жүргүнчүлөр санитардык эрежелерди сактабай жатканы белгилүү болду

Бишкекте коомдук транспорттордогу санитардык эрежелер текшерилип, жүргүнчүлөр талаптарды аткарбай жатканы белгилүү болду. Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, 15-июнда мобилдик топ жана Бишкек троллейбус башкармалыгынын жетекчиси Талант Капаров менен биргеликте санитардык эрежелерди сактоо боюнча атайын рейд жүргүзүлдү.
"Текшерүү жана түшүндүрүү иш-чаралары эл көп топтолгон аялдамаларда жүргүзүлдү. Жалпысынан 122 троллейбус текшерилип, жүргүнчүлөрдүн көбү бет кап тагынуу режимин сактабай жүргөнү белгилүү болду. Талаптарды аткарбагандарга бир жолку эскертүүдөн кийин административдик протокол түзүлөт", - дешти мэриядан.
Мекемеден кошумчалагандай, мындай текшерүү аптасына 2 ирет өткөрүлүп турат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2021-06-16 10:04:22
Өмүр бою бет кап тагынабызбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан