Бүгүн Кыргызстандын Геология кызматы 75 жылдыгын белгилөөдө
Бүгүн, 25-октябрда Кыргызстандын Геология кызматы 75 жылдыгын белгилеп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тоо-металлургиялык профсоюзунун Борбордук комитети билдирет. Ошондой эле аталган комитет геологиялык тармактагы ишкана, уюм жана мекемелердин кызматкерлери менен жумушчуларын КРнын геологиялык кызматынын 75 жылдыгы менен кызуу куттуктайт. Эскертсе кетсек, Кыргызстандын геологиялык кызматы 1938-жылы түзүлгөн. Мааракеге арналган салтанаттуу иш-чара бүгүн тарых музейинде өтөт. Эмгеги менен өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге наамдар жана мактоо баракчалары ыйгарылат.