Бүгүн, 16-июнда сугат суунун тартыштыгы маселесине байланыштуу маалымат жыйын өттү. Иш-чарага айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Илич Марсбек уулу, суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Алмаз Сокеев жана өсүмдүк өстүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Жигитали Жумалиев катышты.
