Жогорку Кеңештин депутаттар тобу Иранга парламент аралык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында иш сапар менен жөнөп кетишти.
Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Назарали Арипов, Курманбек Дыйканбаев, Турсунбай Бакир уулу жана Замирбек Алымбеков бар. Депутаттар Ирандын парламентинин жетекчилиги менен жолугушуп, депутаттары жана министрлер кабинетинин мүчөлөрү менен эки тараптуу кызматташуу келечегин талкуулашат. Ошондой эле өнөр жай жана айыл чарба тармактарындагы объектилердин иши менен таанышуу да күтүлүүдө.