Европа кофе менен шоколад тартыштыгына дуушар болушу мүмкүн. Мындай маалымат Нидерланды университетинин эксперттеринин билдирүүсүнүн негизинде чет элдик ЖМКларда жарыяланды.
"Жакын арада Европа өлкөлөрүндө кофе жана шоколад тартыштыгы жаралуу ыктымалдуулугу жогору. Буга акыркы учурдагы климаттын өзгөрүүсү себеп болууда. Кургакчылыктын айынан кофе, какао, кант камышы, пальма майы жана соя жабыркап жатат. Кофени ири өлчөмдө импорттогон Бразилия менен Вьетнам климаттык өзгөрүү астында калды.
Ал эми шоколадды импорттоодо Европа Индонезия, Малайзия жана Гана Республикасынан көз каранды. Кофе жана шоколад импорттогон өлкөлөр климаттык өзгөрүүдөн улам товар өндүрүүдө кыйынчылыктар быйыл жана кийинки жылы өзгөчө сезилерин айтышкан. Мындан улам аталган товарларга болгон баа да көтөрүлүп жатат", - деп айтышкан эксперттер.