Биз социалдык тармакта

"Кыргызстан Бермети - 2021": Быйыл фестивалга спорттун 10 түрү кирди

Бүгүн, 16-июнда "Кыргызстан Бермети - 2021" аталышындагы Эл аралык спорттук фестиваль тууралуу уюштуруучулар маалымат жыйынын өткөрүшүүдө.

Анда "Кыргызстан Берметинин" негиздөөчүсү Бекболсун Советбеков фестивалга спорттун 10 түрү киргенин айтты. "Кыргызстан Бермети" - бул жыл сайын өтүүчү Эл аралык спорттук командалардын бир жерде жолугушуусу, максаты туризмди өнүктүрүү жана жаштарды спортко тартып, колдоо. Биз бул уюмду 2016-жылы уюштурганбыз, башында спорттун 3 түрү гана кирген, азыр болсо 10 түрү кирди. Кошуна мамлекеттерге биз жөнүндө маалыматтар берилген. 2019-жылы чет өлкөдөн дагы көп спортчулар келип, биздин туризмди өнүктүрүүгө жардам бергенин байкадык", - деп билдирди.

Уюмдун мүчөсү Рамис Кыдыралиев: "Уюштуруучулар тарабынан 2 миллион сомдой акча чогулду. Биз азыркы учурда активдүү түрдө демөөрчүлөрдү издеп жатабыз. Биздин планда жыл сайын токтотпой өткөрүү. Фестиваль 5-июлда башталат, ар бир спорттун түрү боюнча 3 күндөн бөлүнүп, иш-чаралар өткөрүлөт", - деди Кыдыралиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2021-06-16 12:19:55
Кайсы спорттун туру,ошону да жазбайсынарбы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан