Биз социалдык тармакта

Министрлик: "Айрым продукцияларды экспорттоого салынган чектөөнүн мөөнөтү узартылат"

Бүгүн, 16-июнда сугат суунун тартыштыгы жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча маалымат жыйын өтүүдө. Анда күндүн актуалдуу суроолоруна айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Илич Марсбек уулу, суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Алмаз Сокеев жана өсүмдүк өстүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Жигитали Жумалиев жооп беришүүдө.

Министрдин орун басары Илич Марсбек уулу 8-июнга чейин кээ бир продукцияларды экспорттоого тыюу салынганын айтат.

"Биз бул мөөнөттү дагы узартабыз, малды экспорттоону алып салдык. Биз 20 миң тонна буудайды резервден сатып алдык. Тартыштык жаралганда пайдаланабыз. Ошондой эле Кытай жана Казакстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ун алып келүүнү макулдаштык. Ун резервде болот", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2021-06-16 12:52:39
Акмай,сабиз,эт ж.б продукталарды эмнеге асманга чыгарып жатасынар?Контроль кылып жолго салбайсынарбы титиребей!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан