Өлкөдө суунун тартыштыгы мөңгүлөрдүн эрибей калышы менен байланыштуу. Бул туурасында бүгүн, 16-июнда өткөн маалымат жыйында суу чарба мамлекеттик агенттигинин директору Алмаз Сокеев билдирди.
"Бүгүнкү күндө суунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу эки, эки жарым эсеге аз болууда. Буга мөңгүлөрдүн эрибей калышы себеп. Сууну бөлүштүрүүдө дыйкандарды кезекке коюп жатабыз", - деди Сокеев
Сугат суунун тартыштыгы жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча маалымат жыйынга суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Илич Марсбек уулу, суу чарба мамлекеттик агенттигинин директору Алмаз Сокеев жана өсүмдүк өстүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Жигитали Жумалиев катышты.