Бүгүн, 16-июнда өлкөдө азык-түлүктүн кымбатташы боюнча Айыл чарба министрлиги маалымат жыйын берди. Анда министрдин орун басары Илич Марсбек уулу ЕАЭБге киргендигибизден улам азык-түлүктүн баасы жогорулаганын айтты.
"Биз ЕАЭБдин алкагына киргенде, биздин дыйкандар өздөрү өндүргөн продукцияны кошуна өлкөлөргө экспорттойт деп сүйүндүк эле. Бүгүнкү күндө ошол учур болуп жатат. Кошуна өлкөлөрдө биздин өндүрүшкө суроо-талап көп болгондугуна жана жаңы өсүмдүктөрдүн бир аз убакытка кеч чыгуусуна байланыштуу азык-түлүккө болгон баа кымбаттаганы байкалды", - деди Илич Марсбек уулу.