КРнын Түркиядагы элчилиги Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Анкара шаарынын мэриясына жазуучунун ысымын түрк борбор калаасынын көчөлөрүнүн бирине берүү тууралуу сунушу менен кайрылган. Жыйынтыгында бул маселени Анкара шаардык кеңеши колдоду. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Буга чейин Ч.Айтматовдун ысымы Анкара, Талас (Кайсери облусу), Кожаэли, Элазыг жана Гебзе түрк шаарларындагы сейил бактарга берилген. Ч.Айтматовдун ысымын ошондой эле Урла (Измир облусу) шаарындагы лицей алып жүрөт. 2012-жылы Йозгат шаарында Ч.Айтматовдун бюсту коюлган.