Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов сууга агып бара жаткан кызды куткарып калган Залкарбек Сулаймановду сыйлады. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдирди.
Мэрдин милдетин аткаруучу Кудайбергенов Сулаймановго Бишкек шаардык мэриясынын ардак грамотасын тапшырып, кайраттуулугун жана активдүүлүк позициясын көрсөткөн жаранга ыраазычылык билдирди.
“Урматтуу шаардыктар балдарды суунун жана каналдын жээктеринде кароосуз калтырбооңуздарды суранабыз. Өзүңүздөрдү жана балдарыңыздарды сактаңыздар”, - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, окуя 10-июнда Аламедин-1 кичи районунда болгон. Анда жолдон өтүп бара жаткан жаран тез агуучу каналга түшүп, агып бара жаткан кызды сактап калган.