Дүйнө жүзүнө кулачын кеңири жайган коронавирустан улам дүйнөнүн бардык бурчунда санитардык эрежелер каралып, көптөгөн ири ишканалар, билим берүү мекемелери аралыктан иштөөгө өтүшкөн. Үйдө иштегенде же онлайн окуганда көпчүлүк адамдар стресске кабылып жатышканын айтып келишет. Мындай кырдаалда ишти эффективдүү аткаруу, стресстен арылуу үчүн диетолог Эдвания Соарес бир канча азыктарды атаган. Анын маеги чет элдик басылмаларда жазылды.
Диетологдун айтымында, үйдө иштегенде кунт коюу, оюн бир жерге топтоо оор болуп, үйдөгү жумуштарга, жанындагыларга алаксып кетет, ошондой эле стресске да бат чалдыгышат. Мындай учурда стресстен арылуу үчүн бүлдүркөн жана башка жемиштерди колдонууну сунуштайт.
Андан сырткары оюн топтоп, ишин жумуш ордунда отургандай эффективдүү аткаруу үчүн күнүмдүк рационуна банан, буурчак, күн карама же ашкабактын данын колдонуу пайдалуу экенин айткан. Бул азыктарда триптофан жана теанин бар болгондуктан, кунт коюуну жакшыртат.
Ошол эле учурда авокадонун да пайдалуу экенин белгилеп, ромашка чайын ичүү керектигин айтып өткөн.