Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин төрагаларынын орун басарлары шайланды

Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин төрагаларынын орун басарлары шайланды.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жана Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагаларынын орун басарларын шайлоо маселеси каралды.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына депутат Нурбек Мурашевдин, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрайымынын орун басарлыгына депутат Чынара Урумкалиеванын талапкерлиги сунушталды.

Жыйынтыгында Мурашев 85 добуш менен Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, Урумкалиева 81 добуш менен Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрайымынын орун басары болуп шайланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dastanali
2021-06-16 21:51:26
Чиновниктердин санын кыскартууга барбайсыздарбы эртерээк
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан