Биз социалдык тармакта

Баткен жана Согди облустарынын башчылары жолугушуп, чек ара маселесин талкуулашты

Бүгүн, 16-июнда министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражаббой Ахмадзода жолугушту. Бул тууралуу аталган аймактагы өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, жолугушуу Баткен районунун Исфара району менен чектешкен аймагында өтүп, анда эки облустун башчылары баштаган район акимдери жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Бул жолугушууда 1 жумалык чек арадагы айылдардагы кырдаал такталып, сүйлөшүү жүрдү.

Сүйлөшүүнүн натыйжасында;

* Чек аралаш жайгашкан айылдарда, эл ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чагымчыл маалыматтарды таратпоо;

* Чек арада жаралган бардык маселелер боюнча ыкчам түрдө тиешелүү кызматтар жолугушуп, ыкчам түрдө иш аракеттерин жүргүзүү;

* Чек арадагы айылдарда элдин коопсуздугу жана жашоо-шартына шарттарды түзүү маселелери каралды.

Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жолугушуу учурунда “Чек ара маселесинде этияттык менен иш аракет жүргүзүү керек. Массалык маалымат каражаттарында жана блогерлердин бир тараптуу жалган маалымат таратып күнөөлөп жаткандыгы боюнча көзөмөлгө алып, андай чагымчыл маалыматтарды токтотуу керек”, - деди.

Ошондой эле Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода сөз сүйлөп,
“Биз бири-бирибизге ишеним көрсөтүү менен биргеликте иш аракет жүргүзүүнү жандантуубуз керек”, - деди.

Ушундай эле эки тараптуу жолугушуу ушул айдын соңку күндөрүнө пландаштырылды.

Эске салсак жума сайын чек арадагы көйгөйлүү делген чектеш айылдарда жолугушуп туруу боюнча эки облустун жетекчилеринин демилгеси менен уюштурулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
-FREEDOM-
2021-06-16 21:23:04
Тынчылык болсун!
0
Dastanali
2021-06-16 21:55:18
Жакшы болуптур, дагы талкууланыздарчы
0
Shabi
2021-06-16 22:00:56
Бул тажиктер созго тушунбойтпу деп ойлоп калдым.жакшыле суйлошулду,суйлошуу журду дейт дагы.тажиктер каайрале баягысын баштайт
+3
Alixan-Nookat.2015
2021-06-17 08:34:20
Бул тажиктердин ар бир кадамына катуу жоопторду берип турганды мынчалыка бара алышпайт эле, биздин бийлик алсыз баары мыйзам талаасында деп отура берет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан