КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттар тобу Иран Ислам Республикасына парламент аралык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында иш сапарга жөнөп кетишти. Жогорку Кеңештин делегациясын «Республика» фракциясынын лидери, Иран Республикасы менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Назарали Арипов жетектейт. Делегациянын курамында - депутаттар Курманбек Дыйканбаев («Республика»), Турсунбай Бакир уулу («Ар-намыс») жана Замирбек Алымбеков (КСДП) бар.
Иш сапар учурунда Жогорку Кеңештин депутаттары Иран Республикасынын парламентинин жетекчилиги менен жолугушуп, депутаттары жана министрлер кабинетинин мүчөлөрү менен эки тараптуу кызматташуу келечегин талкуулашат. Ошондой эле өнөр жай жана айыл чарба тармактарындагы объектилердин иши менен таанышуу да күтүлүүдө. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.