Биз социалдык тармакта

Сабиздин кымбатташынан улам Бишкекте жана Чүйдө кампалар текшериле баштады

Өлкөдө сабиздин кескин кымбаттап кетишине байланыштуу Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө мониторинг жүргүзүлүп, кампалар текшерилүүдө. Маалыматты Монополияга каршы күрөшүү мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Мекемеден баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө максатында жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын белгилейт.

"Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери аталган аймактарда дүң жана чекене бааларга мониторинг жүргүзүшүп, кампалардагы продуктулардын запастарын, дүң соода тармагындагы ортомчулардын санын жана кошумча бааларын изилдешүүдө. Чүй облусунун Александровка айылынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, монополияга каршы күрөшүү боюнча мыйзамдарды бузуу фактыларын аныктоо маселеси талкууланды.

Ошондой эле сабиз өстүргөн дыйкандар менен түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, баалардын өсүшүн алдын алуу максатында дүңүнөн сатуу иштери жүргүзүлдү", - дешти агенттиктен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан