Орусиялык ырчы МакSимдин директору Маргарита Соколова пневмониядан жабыркап, ооруканада дарыланып жаткан ырчынын абалы тууралуу орус басылмаларына айтып берген.
Соколованын айтымында, ырчынын коронавируска тапшырган анализи терс чыкканына карабастан, ал бул оору менен ооруп калышы мүмкүн.
"Марина (ырчынын өз аты) пневмониядан жабыркап жатат. Азыр ага керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Башы айланып, бир аз кыйналып жатат. Бирок ал сабыр кылууда. Марина кайсы жерден вирусту жуктуруп алганы белгисиз", - деген ал.
Кечээ, 16-июнда ырчы МакSим өпкөсүнүн 40 пайызы жабыркап, ооруканага жаткырылганы айтылган.