Бишкек шаарында 21 жаштагы Калия Калеева дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, өткөн жылдын 14-октябрында Ленин райондук милициясына шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызда 19-сентябрь күнү 20 жаштагы кызы Ала-Тоо конушунда жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегенин жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Белгилери: Бою 170-175 сантиметр, арык чырай, чачы кара, көздөрү күрөң.