
Жалал-Абадда 4 гектар
ачык аянтта куураган чөп күйдү. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
"Ноокен районунун Апыртан айылында ачык аянтта чөп күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Натыйжада 4 гектар куураган чөп күйгөн. Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, саат 19:02де өрт өчүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Өрттүн себеби такталууда.