Бүгүн, 17-июнь күнү медициналык кызматкерлерге тиешелүү көңүл бурулуусун талап кылган маалыматтык жыйын өттү. Анда үй-бүлөлүк дарыгер Асель Маматова аскер кызматкерлерине курулгандай, медицина кызматкерлерине да кичи район куруп берүүсүн суранды.
“Кичинекей балдары бар көптөгөн жаш медицина кызматкерлери бар. Өздөрүнүн үйү жок, батирде жашашат. Кыргыз өлкөсүндө мисалы аскер шаарчасы бар. Ошол сыяктуу эле бизге да медицина кызматкерлерине жер бөлүп берип, кичи район куруп берүүнү суранабыз”, - деди Маматова.