Биз социалдык тармакта

Өлкөгө Кытайдан тонналаган кумшекер, май жана ун келет

Кытайдан тонналаган ун, өсүмдүк майы, кумшекер алып келинет. Бул тууралуу парламенттин агрардык саясат, суу ресурстары жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин отурумунда министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билдирди.

"Бир-эки адамды күнөөлөө менен маселе чечилбейт. Биз колдон келген резервдерди карап жатабыз. Казакстандын премьер-министри менен сүйлөшүп, 10 миң тонна ун алып келгенбиз, аларды Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу кампаларга киргиздик.

Президенттин демилгеси менен сүйлөшүүлөр жүрүп, Кытайдан 40 миң тонна ун, 20 миң тонна өсүмдүк майы, 20 миң тонна кумшекердин келиши күтүлүп жатат", - деди Марипов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Rifle_I
2021-06-17 15:24:01
Өзүбүздө дагы күзгү жазгы буудай айдалдыбы?
Айыл чарба министри акылына кирсе керек былтыркы пандемиядан кийин?
Элибиз дагы азыр болсо да сабиз картошка эгиш керек. Бул аябай керектүү экенин билип жатабыз.
+4
PFC-CSKA
2021-06-17 15:25:39
Келгени жакшы дечи бирок ошол ун суу май кум шекер кандай жол менен элге жеткирилет же кандайдыр бир калктын катмарына эле берилеби ?
+5
aibekkk
2021-06-17 16:47:08
PFC-CSKA,ал келген май кум шекер сатылат ойлоп жатасынбы элге бекер берилет деп базара тартыш болбостугу учун кымбатчылыктын алдын алуу учун алып келинет
+3
Kyrgyz_bloger
2021-06-17 15:34:15
Миллиарддан ашык элин багып башкаларга дагы жардам берсе кыйын эл экен кытайлар.
+5
Siren90
2021-06-17 17:41:39
Азык-тулук арзандаса экен деги, жок дегенде айтылып жаткан ун, май, кумшекер
+1
rysik79
2021-06-17 19:47:37
Жөн эле койбоптур
-1
Jelezo
2021-06-17 21:54:13
Кыргызстанда азыр болсо 4млн.эл бар, Кытайдан жардам алуу уят ээйюууулар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан