Биз социалдык тармакта

Жаан жаайбы? Эртеңкиге карата аба ырайы

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 18-июнда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан жаайт, тоолуу райондорго кар түшөт.

Күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда, Жалал-Абад, Ош облусунун тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35;

Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +32…+37 градуска чейин көтөрүлөт;

Ысык-Көлдүн аймагында түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27;

Нарын дубанында түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында 18-июнда түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +31…+33 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан