"2010-жылдагы окуядан кийин Кыргызстан Өзбекстандан келчү туристтерин жоготту",- деди 25-октябрдагы туризмди өнүктүрүү боюнча мекемелер аралык отурумда Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин алдындагы туризм департаментинин директору Максат Чакиев. Анын айтымында, өлкөгө келген туристтердин саны боюнча Казакстан менен Орусиядан кийин 3-орунда Өзбекстан турган. "Бул жылы Өзбекстандан турист келген жок. Казакстандан келген туристтердин да саны азайды. Казакстан менен Орусиядагы туризмди өнүктүрүү боюнча ишке киргизилип жаткан масштабдуу программалар кыргыз туризминин өнүгүүсүнө түздөн-түз коркунуч туудурат. Саясий жана социалдык окуялар ыраакы чет өлкөлүктөр үчүн кооптонууларды жаратууда",-деди Чакиев.