Японияда коронавирус пандемиясын токтотуу өтүнүчү менен Будданын айкелине 35 килограммдык бет кап тагышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Бет капты тагуу иш-чарасына төрт альпинист катышып, үч саат убакыт кеткен. Айкелдин бийиктиги 57 метр болсо, бет каптын узундугу 5 жана туурасы 4 метр болду.
"Февраль айында катуу жер титирөөдөн улам айкелге доо кеткен. Аны калыбына келтирүү жөнүндө талкуу болуп жаткан учурда бет кап жасоо идеясы келди", - деп билдирген храмдын кызматкери.
Японияда COVID-19га байланыштуу кырдаал турукташканга чейин алар айкелдеги бет капты албай турууну пландап жатышат.
Айкел 33 жыл мурун курулган. Анын ийинине алып баруучу тепкичи бар. Адамдар айкелдин ийинине чыгып, жаңы төрөлгөн ымыркайларына бата тилешет.