Биз социалдык тармакта

Милиция көмөк сурайт. Бишкекте жансыз денеси табылган кишинин аты-жөнү апрель айынан бери аныкталбай жатат

Бишкекте жансыз денеси апрель айында табылган эркек кишинин аты-жөнү дале аныкталбай жатат. Ленин РИИБинин маалымат кызматы маркумдун ким экендигин аныктоого көмөк сурайт.
Бөлүмдүн берген маалыматына ылайык, 29-апрелде Бөкөнбаев жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинен жашы болжол менен 50-55 чамасындагы кебетеси азиялык болгон эркек кишинин жансыз денеси табылган. Анын денесин кароо учурунда зомбулуктун белгилери байкалган эмес. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Маркумдун белгилери: бою 165-170 сантиметр, орто салмакта, чачтары кара (ак чачтары бар).
Кийип жүргөн кийимдери: ак түстөгү кофта, ак түстөгү шым, боз жана кара түстөгү байпактар, көк жайкы бут кийим.
Өзгөчө белгилери: маңдайында бир эле тиши бар.
Сүрөттөгү жаранды тааныгандар болсо, маалымат берүүнү укук коргоочулар өтүнөт. Байланыш номерлери: 0 (312) 352-605, 0 (705) 450-553, 0 (551) 088-330, 0 (553) 102-465 жана 102.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Pchelka85
2021-06-18 09:31:05
Негизи Комок деген казактын созубу? Кыргыздар жардам деп айтат го...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан