"Жарым миллиондой адам жашайт". Өзбекстанда жаңы шаардын курулушу башталды

Кечээ, 17-июнда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Жаңы Андижан шаарын курууга старт берип, таш салды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына таянуу менен аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

"Эки-үч жылдан бери Андижандагы турак жай көйгөйүнүн чечилиши мени ойлондуруп келген. Бул аймакта жер аз, турак жайга болгон муктаждык жыл санап өсүүдө. Бир үйдө кайната-кайненеси бир нече келини менен жашаган үй-бүлөлөр көп. Ошондуктан бул боюнча иш алып барууну чечтик жана жаңы шаар курууга кириштик. Бул жерде 130 миңден ашуун батирлүү көп кабаттуу үйлөр курулат. Шаарда 450 миңден ашуун адам жашайт", - деген Мирзийоев.

Жаңы курулуп жаткан шаардын жалпы аянты 4 миң чакырымды түзөт, анын 2 миңин турак жай, социалдык объектилер, өнөр жай зоналары жана тейлөө мекемелери ээлейт. Калган 2 миң гектарын жашыл зоналар түзөт.

Шаарга 33 чакырым ичүүчү суу түтүктөрү, 52 чакырым автожол, 18 чакырым электр тармактары жана 27 чакырым газ түтүгү курулат. Жаңы шаар долбоору 8 этапта ишке ашырылып, 2021-2041-жылдарга эсептелген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Altyn10076
2021-06-18 10:20:20
Өзбек туугандар өз жеринде иштейт экен да эми
+6
amirrus
2021-06-18 10:54:29
Мына онугуу ,келечеке кам коруу
+7
Mr.altynbek
2021-06-18 11:30:49
Элдер жарым миллион адамга капсула сылып атат биздики бир зданияга салса ошолда токтоп калды
+5
al-abu-kinesz
2021-06-18 11:58:24
Ал жакта элин жерин саткан аткаминерлер жокко эсе, Каримовдун токмогунун таасиринин жыйынтыгы да ушундай онугууго алып келип отурат.
+2
Datka7777
2021-06-18 12:45:02
al-abu-kinesz,эки айылынын казактар алып койду го
+1
modem4999
2021-06-18 12:19:42
Биздин фундамент эмне болду?
+3
Federik
2021-06-18 12:32:13
Озубузду кемсинткенди токтотолу!! Буюрса абдан онуккон ,кучтуу мамлекет болобуз.
+3
Shabi
2021-06-18 13:38:33
Federik,Буйурса даагы алты Айдан кийин озгорууну байкайбызбы?
0
Tursunbaev1978
2021-06-18 12:38:56
Өзбектер митинг,пикет деген сөздү түшүнбөйт,саясатка аралашпайт,эгерде аралашса катуу чара көрүлөт,мына өнүгүп жатат деп ушуларды айтса болот
+4
muslima-0788
2021-06-18 16:00:15
Озбектер алтындан шаар курса да ошо озбек да.Кыргызым онугот буйруса, кыргыз болуп жаралганыма шугур.
+7
Zumrudianka
2021-06-18 23:26:31
Кечирип койгулаго но озубузго озубуз душманбыз кичиииине эле кошуна президенттер иш кылса тооодой коросунор да озубуздун алтын президентибизди шывап киресинер. Пейлинерди ондогула ниетинерге жараша болот. Наалыганга Аллахым наалгандай жашоо берет. Жадаттынар бироонун чычканын мактай берип. Качан уйроносунор шугур кылганды, кошуна олколордон шылдын созду укпоону. Токтоткулада. Кичиииине жакшы нерсе кылышса ичинерден ыраазы боло бергиледа сразу эле братья дебестен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан