Биз социалдык тармакта

"Ресторанда тейлөө көрсөтүлөт, баасы 70 сомго жетпейт, 69 сом". Бишкек-Балыкчы-Бишкек багыты боюнча поезд каттамы жүрө баштады

Жайкы туристтик сезонго карата "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы Бишкек-Балыкчы багыты боюнча поезд каттамын бүгүн, 18-июндан тарта ишке киргизди. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жайкы эс алуу сезону аяктаганга чейин Бишкек-Балыкчы-Бишкек поезд каттамы жүргүнчүлөрдү ташыйт. Каттам жума, ишемби, жекшемби күндөрү ишке ашырылат.

Бишкек-Балыкчы поезд каттамы менен Балыкчыга жол тарткан социалдык тармактардын колдонуучулары поезддин шарттарына ыраазы болушкан билдирүүлөрүн калтырышууда.

"Бүгүн Балыкчыга быйылкы биринчи поезд менен бара жатабыз. Жада калса вагон-ресторан бар экен, эгерде суроо-талап көп болсо, дайыма иштей тургандай кылышарын айтышты".

"Бишкек-1ден 5 мүнөттө Фрунзе-2ге жеттик. Мен эч жакка ушунчалык тез жеткен эмесмин. Бүгүн Бишкек - ​​Балыкчы - Бишкек поезд каттамы ишке кирди. Вагондо ал тургай, жолдорго ак килемдер төшөлгөн, бардыгы ушунчалык салтанаттуу. Табитке жараша меню. Тейлөө деңгээли мыкты жана романтика", - деп жазышкан колдонуучулар.

Белгилей кетсек, поезд каттамынын жүгүртмөсү төмөндөгүчө: Бишкек-Балыкчы каттамы саат 07:00дө, Бишкек-1 темир жол бекетинен жөнөп, саат 11:59да Балыкчыга барат.

Балыкчы-Бишкек-1 поезди саат 17:15те Балыкчы бекетинен жөнөп, 22:03тө Бишкек-1 темир жол бекетине келет.

Билет баалары: Чоңдор үчүн 69 сом, балдар үчүн 34 сом (5 жаштан 10 жашка чейин).

Бишкек-Балыкчы-Бишкек багыты боюнча поезд жүрө баштады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kkkk3259780
2021-06-18 12:05:32
ОШ Бишкек жол ушундай болсо аа, эххх
+5
algakaray
2021-06-18 15:21:15
Кымбатыраак кылып сервисти дагы жакшы жасаса элдерге
+3
Aiymkan89
2021-06-19 03:04:16
69сом ото арзан,Москва Питер эн арзан 800р туратко жол 8 саат. Жок дегенде 100, 150 сом болсо жакшы болмок
+1
Asmat84
2021-06-19 09:36:01
69сомдон актайт бекен. Өтө эле арзан го. Өкмөт элге жагам деп атып аягы банкрот менен чыкчу эле. Андан көрө бир аз бааны көтөрүп, тейлөө жагын жакшыртса кандай болоор эле
0
cholponai.e
2021-06-19 11:00:57
Кымбат болсо кымбаттап кетти дейбиз. Арзан болсо эмне мынча арзан дейбиз бизге эмне жагат озу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан