Кыргызстанда 400 почта имараты оңдоп-түзөөдөн өтөт. Муну "Ар-намыс" фракциясынын 25-октябрдагы жыйынында Транспорт жана коммуникация министрлигинин статс-катчысы Максат Дыйканов билдирди. Айтымында, бул иштер Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын каржылоосу менен ишке ашмакчы.
Дыйканов почта тармагын өнүктүрүү үчүн 40 инкассатордук автоунаа алына турганын да кошумчалады.
Эскерте кетсек, жыйында Бишкек шаарында 2013-жылдын 11-июлунда кол коюлган "Финансылык секторду өнүктүрүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" КРнын мыйзам долбоору талкууланууда.