О
ш шаарында эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу ири ресторандарга 1-июлдан баштап буйрутма албоо сунушталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясынын жаңы учурлары көбөйгөн учурда, 1-июлдан баштап шаарда үйлөнүү үлпөттөрүнө, мааракелерине жана башка коомдук иш-чараларга тыюу салынат. Буга байланыштуу, ресторандардын, тойкана жетекчилерине жана администраторлоруна 1-июлдан баштап массалык иш-чараларга буйрутма албоо сунушталат.