Биз социалдык тармакта

"Сүрөткө түшкөнү келдиң беле?". Оорукананын ачылышында сүрөткө түшкөн министр жеме укту (видео)

Социалдык тармактарда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди "Сүрөткө түшкөнү келдиң беле? Эмне бул? Этика деген барбы?" деп урушуп жаткан аялдын видеосу тарап, талкуу жаратты.
Бул боюнча SUPER.KG порталы министрдин өзүнө байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдирди.
"Нарында жугуштуу оорулар ооруканасын ачып, дарыгерлер менен сүрөткө түшүп жатсам "эмне силер сүрөткө түшкөнү келдиңерби?" деп ары жактан бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү келиптир. А эмне дарыгерлер менен сүрөткө түшсө болбойбу?", - деп билдирди Бейшеналиев.
Кечээ, 17-июнда Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү үчүн курулуп жаткан имарат пайдаланууга берилди. 70 орундуу имараттын курулуш иши зарылчылыктан улам 2020-жылы август айында башталып, 79 миллион 200 миң сомдун тегерегиндеги каражатка бүттү. Имараттын 48 койкасы бокс палаталарда, 22 койкасы реанимация жана интенсивдик палаталарда жайгашкан.
Министрди урушуп жаткан видео талкуу жаратты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Kuban-1207
2021-06-18 12:14:33
Мас катын
+5
modem4999
2021-06-18 12:18:20
Биздин чондор биринчи очеред суротко тушушот, катуу иштеп атабыз дегендей.
+2
Dembele84
2021-06-18 12:23:22
Бул министр Жапаровко пахта коюп гана кресло сактап журот,а так давно куулмак!
+5
patriot.kg94
2021-06-18 12:24:35
Эээ ))) кычык издеп эле турат экенбизда Эми суротко тушуп койсо бир нерсе болуп кеттиби
+16
Sonku
2021-06-18 14:46:32
patriot.kg94,ээ дебей кал!!!
+2
patriot.kg94
2021-06-18 21:21:54
Sonku, ээ деп атам дагы, не дей аласын?
0
Datka7777
2021-06-18 12:41:25
Бул аялдын озу этиканы билбейт экен!
+9
suban78
2021-06-18 12:51:04
Бул акмак катын эрин давнооле о дуйного жоноткон болушу керек.
Бироолор акча толоп берип жоноткон бир болсо министрге бир шылтоо таап кыйкырып кел деп.
Баарыле тушот да эстеликке.
Дужур катындардын бироосу да. Министр бир нерсе деп жооп кайтарса атака кылабыз деп жаман катындар чогулуп турган болушу керек жанында акмактар.
+10
kkkk3259780
2021-06-18 13:14:30
дужур катындын тарапташы бар экен бул жерлерде)))))
+9
Pchelka85
2021-06-18 13:26:34
Негизи любой жакка чондор келгенде суротко тушушот видеого тартышат.. это часть протокола.. суротко тушпой калса айтышат значит барган эмес деп. Алар эле жыргаганынан тушуп атыптырбы суротко. Элге отчет керек.. кабарлардан корсотот.. анан ушундай Кудайдан жоо качкан адамдар жумурткадан кыр издеп кыйкырынып чыгышат...
+14
Shabi
2021-06-18 13:42:27
Бул озу анкылдан Арам катын экени корунуп турат.врачтар оздорунун министирлиги менен эстелике суротко тушкусу келди да,тушту.Анын эмнеси бар мен иштеген иштин министири келсе деле эстелике суротко тушуп койгонго аракет кылмакмын.бир байкушту мазактаганга,бир копозду коколотконго машпыз да кыргыз
+8
Asmat84
2021-06-18 15:20:13
Сволчь анкылдайт го тим эле бир жери ачышып аткандай бир аз этика эстетика деген болуш керек да. Сүрөткө түшкөндөн эч бир саясат издебеш керек. Түшсө түшкөндүр ана акча кеткен жокко. Тескерисинче элди урматтап ошол ак халатчандарды урматтап алардын көңүлүнөн чыга албай макул деп түшсө керек эле. Негизи ушул министр аябай сабырдуу киши экен мылжыйып эле туруп берет. Башка адам болгондо мынчалык тил укмак эмес
+3
Nursul
2021-06-18 18:09:41
Лакылдайтко тим эле өзү айткандай өзү менен биринчи сүрөткө түшүп койсо болмок экен да министр. Эми ушул нерседен да кыйтык издей бергенибиз болбойт да.
+3
Zumrudianka
2021-06-18 18:37:47
Бей окмоттун члени тушунуктуу анкылдап Ританын куйруктары, булар Бей окмоттор бети жок бийликти сындатып эле койсо американын жугундулары
+2
make2
2021-06-19 01:02:17
Суперге да фейктер толуп алганбы уу коргошунду коргоп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан