Биз социалдык тармакта

Кыргыз өлкөсүнүн оор жүк ташуучу унааларынын айдоочулары Казакстандын чек арасында 2 жумадан бери кезекте турат

Кыргыз өлкөсүнүн 30 жүк ташуучу унаасы Жамбыл облусундагы чек арада эки жумадан бери кезекте турат. Ташылып бара жаткан товарларды Казакстандын салык органдары текшерип бүтө албай жатышат. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Айдоочулардын бири Владимир Чугуев буларга токтолгон: "Мен бул аймакка 4-июнда келгем. Ошол күндөн бери ушул жерде турам. Ушул жерде уктап, ушул жерде тамагыбызды жасаган үчүн күнүнө 4 миң тенге төлөйбүз. Бул каражатка жараша бул жерде эч кандай шарт деле жок. Дагы канча турарыбыз белгисиз", - деген ал.

Ал эми аталган райондун тийиштүү мекемесинен билдиргенине караганда, алар документтерди 30 күнгө чейин текшерүүгө укуктуу.

"Бизде жасалма документтер боюнча фактылар бар. Ошол боюнча биз текшерүү жүргүзүп жатабыз. Эгерде бул маалымат далилденсе, тийиштүү суммадагы айып пул салынат. Биз жүктөрдү, документтерди 30 күнгө чейин текшерүүгө укугубуз бар. Салык кызматы айдоочулар турган паркингди акысыз кылабыз деп убада беришүүдө. Бирок алар текшерүүнү тездете албайбыз деп жатышат. Болгону үч кызматкер иштейт. Демек, айдоочулар күтүүгө аргасыз болушат", - деп жооп берген тийиштүү мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rifle_I
2021-06-18 13:45:17
Баурларга эмне болду?
+3
Malin
2021-06-18 14:07:14
Транзит жук ташуучу машинаны кармап отурганга эч акысы жок Казактардын. Жон гана тез откоруп жиберуу керек.
+3
Mister-XXX
2021-06-19 00:57:16
30 айдоочунун документин 30 күндө текшерип бүтөбү?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан