2021-жылы коңшу Казакстанда нымдуулук азайып, катуу кургакчылык болушу мүмкүн. Бул тууралуу Казгидрометке таянуу менен аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Андагы маалыматта айтылгандай, Акмола (Жаксы району), Актөбө (Айтекеби, Хромтау райондору), Чыгыш Казакстан (Бескарагай району) жана Мангистау облустарында кургакчылык күтүлөт. Ошол эле учурда Чыгыш Казакстан облусунун Абай районунда жана Костанай облусунун Амангелди аймагында катуу кургакчылык болору болжолдонуп жатканын жазышты казак басылмалары.
Буга чейин тоюттун жоктугуна байланыштуу Казакстанда төөлөр картон жеп жаткандыгы кабарланган.
Казакстандын Ветеринария дирекциясынын маалыматы боюнча, май айынын аягында Мангистау облусунда 1 миң 100 жылкы ачкалыктан өлгөн. Көптөн бери аймактарда жаан-чачын жаабай, жайыттар күйүп, тоют жок болууда.