Биз социалдык тармакта

Ак Үйдүн айланасына кайрадан тосмо коюлабы? Жогорку Кеңештен расмий жооп

Өткөн жылдын 6-ноябрында алынган Ак Үйдүн тосмосу кайра калыбына келтирилбейт. Бул тууралуу SUPER.KG порталы Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Индира Куралбековага байланышканыбызда билдирди.

"Тосмо коюлбайт. Унаа токтотуучу жай гана иретке келтирилип, чыгыш тарабына шлагбаум коюлат", - деди Куралбекова.

Эске салсак, 5-6-октябрда болгон окуялардан кийин коомчулук, социалдык тармактын колдонуучулары Ак Үйдүн тосмосун алуу сунуштарын айтып чыгышкан. Ошондой эле социалдык тармакта аталган имараттын тосмолору жок тартылган сүрөт тарап, көпчүлүктүн көңүл борборунан орун алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан