Бүгүн, 25-октябрдагы туризмди өнүктүрүү боюнча мекемелер аралык отурумда Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин алдындагы туризм департаментинин директору Максат Чакиев "Туризм департаментин каржылоодо 1 миллион 144 миң сом берилген эмес. 9 ай ичинде бул тармакты өнүктүрүү үчүн 5 миллион 215 миң сом бөлүнгөн" деп билдирди. Анын айтымында, 2013-жылы Маданият, маалымат жана туризм министрлигине каржылоо үчүн 32 миллион сомго арыз жазылган. Бирок токтомдо 7 миллион сом көрсөтүлгөн.