Кытайдын Sinopharm вакцинасы бүгүн, эртең келет. Бул тууралуу SUPER.KG порталы саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге байланышканда билдирди.
Өлкөгө Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы келет.
Буга чейин саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасын алуу пландалганын жана аталган вакцинанын эч кандай кыйыр таасирлери байкалбаганын айткан.
Кытайдын Sinopharm вакцинасын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму каттоого алган.