Көкөмерен дарыясынын жээгинен белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-июнь күнү Нарын облусунун Жумгал районундагы Өрнөк айылында Көкөмерен дарыясынын жээгинде белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Жумгал райондук №43 өрттөн куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылып, эркек адамдын жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти. Учурда аты-жөнү такталууда.