Биз социалдык тармакта

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында жалпы 22 миң 491 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында жалпы 22 миң 491 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

"Бишкек шаарында коронавирустук инфекциянын жайылышындагы эпидемиологиялык кырдаал курч, оорунун үчүнчү толкуну байкалууда. Коронавируска каршы вакцина алууну каалаган жарандар үчүн vc.emed.gov.kg шилтемесинде онлайн режиминде катталууга болот. Катталуу үчүн "Электрондук кезек" бөлүмүн тандап, андан кийин сунушталган талааларды толтуруп, өзүңүзгө жаккан эмдөө пунктун тандап, ыңгайлуу датаны жана убакытты көрсөтүшүңүз керек. Талап кылынган нерселерди толтургандан кийин, жаран электрондук кезекке туруу үчүн билетти мобилдик шайманга жүктөп, керек болсо көрсөтө алат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан