Орусиялык "Little Big" тобунун клиптерине тартылып белгилүү болгон актриса Полина Соколова коронавирустан каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ал кечээ, 19-июнда каза болгон. Аталган топтун Инстаграм баракчасына төмөндөгүдөй сөздөр жазылды.
"Бизде абдан кайгылуу жаңылык бар. Бүгүн Полина Соколовадан айрылдык. Анын жакындарынын кайгысын тең бөлүшөбүз. Полина, сен түбөлүккө биздин чоң үй-бүлөнүн мүчөсү бойдон каласың", - деп жазылат билдирүүдө.