Бүгүн, 25-октябрдагы маалымат жыйында Ички иштер министрлигинин жол көзөмөлдөө кызматынын башчысы, милициянын генерал-майору Талантбек Исаев "Түркия өкмөтү Кыргызстандын жол-кайгуул кызматына жаңы жабдыктарды (радар, эвакуатор) алууга жардам берет" деп билдирди. "Түрк тарап жаңы жабдыктарды алууга жардам берет деген үмүттөбүз. Эреже бузгандар унаасын айдап кетпеси үчүн дөңгөлөктөргө тосмо берүү боюнча келишим түзүлгөн. Мындан сырткары эвакуатор алууга да жардам беришет. Бүгүнкү күндө биз жеке менчик ишканалардан эвакуация үчүн унааны төлөп алабыз. Бул ашыкча чыгым болуп калууда",- деди ал. Учурда канча жабдык берилери тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.