Аты чуулуу орусиялык рэпер Моргенштернге (Валеев Алишер Тагирович) сүйүктүүсү баш кошуу сунушун киргизип, шакек сунду. Бул тууралуу артисттин билдирүүсүнө шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Андагы маалыматка ылайык, рэпер сүйлөшкөн кызы Дилара Зинатуллинаны "кылымдын айымы" деп атап, эми күйөө бала болуп калганын айткан.
"Бала - сунуш кылат, эркек - кабыл алат. Ооба, кыздар, көз арта бергиле, мен үйлөнүп жатам, аялыма. Ал "Алишер Диларага сунуш кылды" деген стереотипти бузуп менин үмүтүмдү актады", - деп жазган Моргенштерн.