Кытайдын Sinopharm вакцинасы бүгүн, эртең келет. Бул тууралуу SUPER.KG порталы саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге байланышканда билдирди.
Буга чейин вакцина 20-июнда келе турганын айткан.
Өлкөгө Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы келет. Министр Түштүк Кореядан AstraZeneca вакцинасы жакынкы аралыкта келерин айтты.
Буга чейин саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасын алуу пландалганын жана аталган вакцинанын эч кандай кыйыр таасирлери байкалбаганын айткан.