Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Орусиянын президентинин администрация жетекчисинин орун басары менен өлкөгө вакцина жеткирүү маселесин талкуулады

Президент Садыр Жапаров Орусиянын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козакты кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз-Орусия эки тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечектүү багыттары, ошондой эле президент Садыр Жапаровдун 24-майда Сочи шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушууда тараптардын коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча көрүп жаткан чараларды, анын ичинде өлкөгө Орусия вакцинасын жеткирүү маселеси да талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан