Орусиянын президенти Владимир Путин 80 жыл мурда болгон Улуу Ата Мекендик согуш боюнча макаласын Германиядагы алдыңкы басылмалардын бирине жарыялайт. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазышты.
22-июнда согушта курман болгондорду эскерүү иш-чаралары өтүп, Путин белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүл коюп, сөз сүйлөйт. Ошондой эле иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында жана чет өлкөлөрдө өткөрүлөт.
1941-жылы 22-июнда фашисттик Германия Советтер Союзуна кол салган. Бул дата тарых барактарында Улуу Ата Мекендик согуштун башталышы болуп калды.