Биз социалдык тармакта

Өлкөдө курулуш материалдары кымбаттады

Өткөн жылдын май айына салыштырмалуу курулуш товарларынын баалары жалпы республика боюнча 4,2 пайызга жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, турак-жайларды оңдоо үчүн колдонулган материалдар 10,5 пайызга кымбаттаган. Кыштын баасы - 17 пайызга, кесилген жыгач материалдар - 15,6 пайызга, шифер - 15,2 пайызга, цемент - 10,4 пайызга эң көп кымбаттаган материалдар болуп белгиленген.

Айрым аймактарда кирпичтин чекене баалары орточо республикалык көрсөткүчтөн ашкан. Баалардын эң жогорку деңгээли 1000 даана үчүн - 10 миң сом Нарын жана Талас облустарында байкалган. Кесилген жыгач материалдары Баткенде куб метрине - 19 миң 313 сом жана Жалал-Абадда куб метрине - 18 миң 135 сом олуттуу кымбаттаганы катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nursul
2021-06-21 13:28:19
Фундаменттин күйүп алып үстүн салалбай жүрө берет окшобойбуз кымбатчылыка байланыштуу.
0
JaneEr
2021-06-21 14:36:59
Арзан эмне калды озу.Адамдын кадыр-баркы бир тыйын заман.
+3
souza.j
2021-06-21 14:46:57
Не кылыш керек
0
Palpa
2021-06-21 16:46:33
Сына сага бийлик качан арзандады деген кабар угаар экенбиз.Кымбаттады,камады,тажадык.
+2
Palpa
2021-06-21 16:48:19
Palpa,. Мына
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан