Биз социалдык тармакта

Чүйдө 19 жаштагы Нурайым Акылбекова 4 күндөн бери дайынсыз болуп жатат

Чүй облусунда 19 жаштагы Нурайым Акылбекова аттуу кыз дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Коомдук коопсуздук кеңешинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал 16-июнь күнү Ленин айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

"Нурайым Акылбекованын бою 165 сантиметр, арык чырай, чачы узун кызыл түстө. Үйдөн чыгарда ак-кара түстөгү футболка жана көк жынсы шым кийип жүргөн", - деп жазылат маалыматта.

Эгерде сүрөттөгү кызды көргөн же билгендер болсо, төмөнкү номерлерге кайрылса болот: 0555 23 04 90, 0755 07 47 20.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан