"Мага ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө депутаттардын добушу жеткен жок", - деп SUPER.KG порталына "Ата Мекен" фракциясынын лидери Сайдулла Нышанов билдирди.
Бүгүн, 21-июнда "Ата Мекен" фракциясы лидер Сайдулла Нышановго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алынганын билдиришкен.
"Ишенбөөчүлүк көрсөтүү үчүн 8 добуш болушу керек эле. Мында 6 депутат добуш беришти. Анан 1 ишеним кат аркылуу добуш берилди. Мага ишеним көрсөтпөөгө кызыкдар тарап көп. БШКнын мүчөлүгүнө кээ бир депутаттар талапкер болушуп, өзүнөн башка эч ким колдобогондор, лидер боло албай калгандар маселе көтөрүп жатышат", - деди ал.