Кургакчылык күч алып жаткан Казакстанда эртең күн +42 градуска чейин ысый турганы айтылды

Коңшу Казакстанда эртең, 22-июндан 24-июнга чейин күндүн катуу ысышы күтүлүп жатат. Бул тууралуу Казгидрометке таянуу менен аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, катуу ысык Казакстандын батышында күтүлүп жатат. Анда 22-24-июнь күндөрү күндүз күндүн табы +42 градуска чейин жетерин жазышты казак басылмалары.

Буга чейин Казакстандын бир нече аймагында жаан жаабай, катуу кургакчылык күтүп жатканы маалымдалган. Тоюттун жоктугуна байланыштуу Казакстанда төөлөр картон жеп жаткандыгы кабарланган.

Казакстандын Ветеринария дирекциясынын маалыматы боюнча, май айынын аягында Мангистау облусунда 1 миң 100 жылкы ачкалыктан өлгөн. Көптөн бери аймактарда жаан-чачын жаабай, жайыттар күйүп, тоют жок болууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Apyn8793
2021-06-21 20:29:37
Эртен Москвада кун 34 градус ысыйт экен
+1
Nursul
2021-06-21 21:17:40
Жаан жаап кургакчылык болбой тыншчылык саламаттык эле болсунчу.
+1
Belek1710
2021-06-21 22:25:27
Бүгүн 32 болду Москвада
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан