Ангела Меркелдин Улуу Ата Мекендик согушка байланыштуу билдирүүсү германиялыктарды нааразы кылды

Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Улуу Ата Мекендик согуштун башталган күнүн немис элинин "уят болуу себеби" деп атаган видео кайрылуусуна өлкөнүн тургундары нааразы болушту. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Германиялыктар социалдык тармактарга билдирүү калтырышып, анда мындай мурда болуп өткөн окуялар бүгүнкү Германиянын жашоосун караңгылатпашы керек дешкен. Башкалары Улуу Ата Мекендик согушка байланыштуу иш-чараларды башкалардай эле кабыл алышарын айтышкан.

"19 жана 21 жаштагы неберелеримдин буга кандай тиешеси бар? Такыр жок. Азыркыларга бул жөнүндө ар дайым эскертип турууну токтотуңуз", - деп жазган дагы бир колдонуучу.

Мындан тышкары Меркелдин орус бийлиги менен мамилеси сынга алынып, айрымдар аны "Орусия менен болгон начар мамилеге жооптуу" дешкен.

Германиянын канцлери 19-июндагы видео кайрылуусунда өлкө нацисттик режимдин кылмыштары үчүн жоопкерчиликти моюнга аларын билдирген. "Немистер тынчтык жана эл аралык тартип үчүн иштеши керек" деген өз сөзүндө саясатчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Apyn8793
2021-06-21 22:33:51
Туура айтат Меркель
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан