Орусиялык бизнесмен жана миллионер Александр Лебедев "Кумтөр" алтын кенине келип кетти. Бул тууралуу бизнесмен өзү социалдык тармактагы баракчасына видео жүктөдү.
"Кумтөр" алтын кенинде 4 миң 400 чакырым бийиктикте жана 1 чакырым тереңдикте кен казуу иштери 25 жылдан ашык убакыттан бери жүргүзүлүп келе жатат. Ушул жылдар аралыгында түшкөн каражат 12 миллиард долларды түзөт. Анын ичинен Кыргыз өлкөсүнө расмий түрдө бир нече жүз миллион доллардан ашык каражат түшпөй калган", - деп жазып, видео жүктөдү Лебедев.
Александр Лебедев Орусиядагы эң бай адамдардын катарында. 2016-жылы анын байлыгы 400 миллион долларга бааланган.