Бүгүн, 21-июнга карата Токтогул суу сактагычына суунун агып келиши кыйла азайды. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 21-июнга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 910 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 471 метр куб, агып чыгышы 421 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Буга чейин суу сактагычка суунун агып келиши секундасына 700-800 метр кубду түзчү.